Жогорку Кеңеш ар кыл тармактын алдыңкы адистерине сыйлыктарды тапшырды

Жогорку Кеңеш ар кыл тармактын алдыңкы адистерине сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, ЖКтин төрагасы Марлен Маматалиев ар кыл тармактын алдыңкы адситерине Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземинде Маматалиев мамлекеттин өнүгүшү ар бир жарандын жасаган ишине көз каранды экенин белгилеп өттү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматында, кимдер жана кандай эмгеги үчүн сыйлыктарды алгандыгы тууралуу так маалымдалган эмес. Билдирүүгө караганда, төрага өз сөзүндө - Кыргызстандын башкы байлыгы – эл. Ошондуктан, элдин бакубат жашоосу үчүн кам көрүп, өлкөбүздүн келечеги үчүн талыкпай иш алып баруу кажет - деп, белгилегени айтылат.

Маалыматка ылайык, сыйлыктар билим берүү тармагында жаш муундарга татыктуу тарбия берип келе жаткан мугалимдерге, адам өмүрүн сактоону кесиптик милдети катары аркалаган дарыгерлерге, өлкөбүздүн намысын эл аралык спорттук ареналарда коргогон спортчуларга жана машыктыруучуларга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, маданият өкүлдөрүнө, коомдук ишмерлерге  жана ар кыл тармакта үзүрлүү эмгектенип келе жаткан алдыңкы адистерге тапшырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда доллардын курсу 85 рублден ашып, максимумга жетти

Россияда доллардын курсу 85 рублден ашып, максимумга жетти

5-октябрда Россиянын банктар аралык рыногунда доллардын курсу 85 рублден ашты. Бул көрсөткүч 25-сентябрдан берки эң жогорку деңгээл болуп саналат. Москва убактысы боюнча саат 12:53тө америкалык валютанын котировкасы 85,03 рублга жеткен. Ошол убакка карата доллардын курсу 1,2%дан ашык, башкача айтканда 1 рублдан көбүрөөк өсүп кеткен.

Ишкер Media
BAKAI Гонконгдо банктык макамга ээ болгон Борбор Азиядагы биринчи финансы институту болду

BAKAI Гонконгдо банктык макамга ээ болгон Борбор Азиядагы биринчи финансы институту болду

BAKAI Hong Kong Monetary Authority (HKMA) тарабынан Restricted Licence Bank категориясындагы банктык лицензияга ээ болуп, банктын эл аралык өнүгүүсүндө жана Кыргызстандын Азиядагы финансылык катышуусунда жаңы этапты баштады. Бул кадам BAKAIнин эл аралык катышуусун жаңы баскычка чыгарып, Кыргызстан, Борбор Азия жана Азия-Тынч океан аймагындагы ири рыноктордун ортосунда түз финансылык көпүрө

Ишкер Media
КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жолугушуусу болду

КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жолугушуусу болду

Россия Федерациясынын Казань шаарында КМШ катышкан мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жана ШКУ мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун жыйындарынын алкагында эки бирикменин мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жана аскердик-юридикалык органдарынын жетекчилеринин жолугушуулары болуп өттү. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын атынан Башкы прокурордун орун басары - К. Байдылдаев катышты. Жолугушуунун

Ишкер Media
8- октябрда Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт

8- октябрда Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт

2026-жылдын 8-октябрында саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, өчүрүүлүүчү райондорго төмөнкулөр кирету:  -        Ч. Айтматов проспектиси – темир жол тилкеси – Ала-Арча

Ишкер Media