Кыргызстан менен Оман инвестициялык кызматташтыкты талкуулады
Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Оман Султанатынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия департаментинин башчысы Шейх Аль-Аббас бин Ибрагим Аль-Харти баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Маалымдалгандай, жолугушуу ведомстволор аралык форматта өттү. Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Тараптар кыргыз-оман экономикалык байланыштарын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Артыкчылыктуу багыттар катары энергетика, туризм, айыл чарбасы, транспорт, авиация жана санариптештирүү белгиленди.
Ошондой эле кыргыз-оман инвестициялык өнүктүрүү фондун түзүү жана жеке капиталды тартуу маселелери каралды.
"Кыргызстан артыкчылыктуу экономикалык тармактарда перспективдүү долбоорлорду ишке ашырууга омандык инвестицияларды тартууга кызыкдар. Биз узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулабыз", - деди Равшанбек Сабиров.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен инвестициялык форумдарды жана бизнес-миссияларды өткөрүүнү активдештирүүгө макулдашты.