Бир жумада 25 миңден ашуун жол эреже бузуу аныкталды
25-сентябрдан 1-октябрга чейин өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча 25 591 жол эреже бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Анын ичинен:
• документсиз айдоо - 4 592;
• мас абалында айдоо - 355;
• айнекти мыйзамсыз караңгылатуу - 191;
• жөө жүргүнчүлөр тарабынан эреже бузуу - 1 325;
• транспортту пайдалануу эрежесин бузуу - 5 241;
• автоээнбаштык - 31;
• ылдамдыкты ашыруу - 1 127;
• жасалма номер менен айдоо - 7;
• башка бузуулар - 1 241.
Маалыматка караганда, эреже бузгандыгы үчүн 2 591 унаа айып короого киргизилди.
ЖКККББ айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежелерин так сактоого чакырат.