"Ала-Арчада" от жаккан 2 жаранга 15 миң сом айып салынды

"Ала-Арчада" от жаккан 2 жаранга 15 миң сом айып салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы "Ала-Арча" жаратылыш паркынын Кайың токойу аймагында рейд өткөрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, рейд токойлорду өрттөн коргоо максатында уюштурулган. Текшерүүдө токойдо от жагууга тыюу салынганына карабастан, от жаккан жарандар аныкталды.

Аларга карата 2 протокол түзүлүп, ар бирине 7 500 сомдон, жалпы 15 000 сом айып пул салынды.

Ошондой эле жарандарга өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Чума: эмнелерди билүү жана кантип сактануу керек?

Чума: эмнелерди билүү жана кантип сактануу керек?

Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө. Бирок Орусиянын Иркутск облусунда чума катталгандан кийин профилактикалык иш-чараларды билүү жана колдонуу керек. Бул тууралуу Карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемологу Кубанычбек Бектурдиев айтып берди. Чума – курч мүнөздө өтүүчү жугуштуу, коркунучтуу оору. Бул оору кемирүүчүлөрдөн, өзгөчө жайлоолордон жугат. Ушул себептүү чумадан сактануу

Ишкер Media
"Жылдын мыкты тарбиячысы - 2026" сынагын 4 педагог жеңди

"Жылдын мыкты тарбиячысы - 2026" сынагын 4 педагог жеңди

"Жылдын мыкты тарбиячысы - 2026” республикалык сынагынын 4 номинациясы боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, бүгүн билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аларга президенттин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Номинациялар боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Оман инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Оман инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Оман Султанатынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия департаментинин башчысы Шейх Аль-Аббас бин Ибрагим Аль-Харти баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Маалымдалгандай, жолугушуу ведомстволор аралык форматта өттү. Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты. Тараптар кыргыз-

Ишкер Media
Бир жумада 25 миңден ашуун жол эреже бузуу аныкталды

Бир жумада 25 миңден ашуун жол эреже бузуу аныкталды

25-сентябрдан 1-октябрга чейин өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча 25 591 жол эреже бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Анын ичинен: • документсиз айдоо - 4 592; • мас абалында айдоо - 355; • айнекти мыйзамсыз караңгылатуу - 191; • жөө жүргүнчүлөр тарабынан эреже бузуу - 1 325; • транспортту

Ишкер Media