Чума: эмнелерди билүү жана кантип сактануу керек?
Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө. Бирок Орусиянын Иркутск облусунда чума катталгандан кийин профилактикалык иш-чараларды билүү жана колдонуу керек. Бул тууралуу Карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемологу Кубанычбек Бектурдиев айтып берди.
Булардан тышкары түлкү, ач күсөн, суусар, коён, төө да ооруй тургандыгы белгилүү. Адамдарга, жаныбарларга, анын ичинде үй жаныбарларына чуманын козгогучтары (микробдору) бүргө жана кене аркылуу жугат. Чуманын коркунучун ушундан билиңиз, 1348-1966-жылдары Европада бул дарттан 25 миллион адам өлгөн.
Оору адамга 3 жол менен жугат
- Контакттык жол менен. Оорулуу же өлгөн жаныбарды союп, терисин сыйрып жатканда адам ооруну терисиндеги кесилген же тытылган жери аркылуу жугузуп алат. Лабораторияда изилдөө учурунда
- Аба аркылуу. Илдет өпкөдөн кармаган учурда оорулуу адамдын чүчкүрүгү, какырыгы жана шилекейи аркылуу жугат.
- Трансмиссия жолу менен (кемирүүчүлөрдүн жүнүндө жашаган бүргө аркылуу). Бүргө оорулуу жаныбарды чагып, ооруну өзүнө жугузат. Мындай бүргө чаккан адам да, үй жаныбары да, кемирүүчүлөр да ооруп башташат.
Дарттын белгилери
Оору жуккандан 2-6 күн дегенде оору белгилери пайда болот. Белгилери:
- Адамдын дене табы 38-40 градуска чейин көтөрүлөт, башы катуу ооруйт, бети албырып, шишийт, көздүн агы кызарат, тил ак кебер менен капталат.
- Оорулуу мас кишиге окшоп, темтеңдеп басып калат.
- Колтугундагы жана жука чурайындагы, моюнундагы бездер чоңоёт жана оорутат.
- Жөтөл пайда болот, оорунун козгогучу какырык аркылуу чөйрөгө тарай баштайт.
- Оорулуу менен байланышта болгондорго оору жугуп, алар да ооруп башташат. Тезинен медициналык жардам берилбесе оорулуу 2-4 күн ичинде каза болуп калат.
Эске алчу жагдайлар
Оорулууга "Тез жардам" же врач келгенге чейин ооруган адамды өзүнчө бөлмөгө жаткырып, эшик, терезесин жабуу керек.
- Үстүнө эч ким кирбөөгө жана ал бөлмөдөн сыртка эч нерсе алып чыгууга болбойт.