"Жылдын мыкты тарбиячысы - 2026" сынагын 4 педагог жеңди

"Жылдын мыкты тарбиячысы - 2026" сынагын 4 педагог жеңди

"Жылдын мыкты тарбиячысы - 2026” республикалык сынагынын 4 номинациясы боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, бүгүн билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аларга президенттин фондунан 500 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырды.

Номинациялар боюнча жеңүүчүлөр томөнкүлөр болушту:

  • Жылдын мыкты тарбиячысы - Сарбаева Зарена Акылбековна, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы "Чолпон" мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы.
  • Жылдын мыкты методисти - Үсөн кызы Нуркыз, Бишкек шаарынын Ленин районундагы № 21 "Баластан" мектепке чейинки билим берүү уюмунун усулчусу.
  • Жылдын мыкты мамлекеттик тил мугалими - Усарова Асилай Абдикеримовна, Баткен облусунун Раззаков шаарындагы № 1 "Барчын" мектепке чейинки билим берүү уюмунун мамлекеттик тил мугалими.
  • Жылдын мыкты музыкалык жетекчиси - Өмүркулов Нурболот Өмүркулович, Бишкек шаарынын Ленин районундагы № 118 "Баластан" мектепке чейинки билим берүү уюмунун музыкалык жетекчиси.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Бүгүн Ош шаарында "Клиника Ош" медициналык борбору ачылды. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тең төрагасы катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мэр бул борбордун ачылышы шаар үчүн маанилүү кадам экенин белгилеп, фондго ыраазычылык билдирди. "Бул долбоор Кыргызстан

Ишкер Media
Чума: эмнелерди билүү жана кантип сактануу керек?

Чума: эмнелерди билүү жана кантип сактануу керек?

Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө. Бирок Орусиянын Иркутск облусунда чума катталгандан кийин профилактикалык иш-чараларды билүү жана колдонуу керек. Бул тууралуу Карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемологу Кубанычбек Бектурдиев айтып берди. Чума – курч мүнөздө өтүүчү жугуштуу, коркунучтуу оору. Бул оору кемирүүчүлөрдөн, өзгөчө жайлоолордон жугат. Ушул себептүү чумадан сактануу

Ишкер Media
"Ала-Арчада" от жаккан 2 жаранга 15 миң сом айып салынды

"Ала-Арчада" от жаккан 2 жаранга 15 миң сом айып салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы "Ала-Арча" жаратылыш паркынын Кайың токойу аймагында рейд өткөрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, рейд токойлорду өрттөн коргоо максатында уюштурулган. Текшерүүдө токойдо от жагууга тыюу салынганына карабастан, от жаккан жарандар аныкталды. Аларга карата 2 протокол

Ишкер Media
Кыргызстан менен Оман инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Оман инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Оман Султанатынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия департаментинин башчысы Шейх Аль-Аббас бин Ибрагим Аль-Харти баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Маалымдалгандай, жолугушуу ведомстволор аралык форматта өттү. Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты. Тараптар кыргыз-

Ишкер Media