Кыргызстандын футболчулары жолдоштук беттеште Ливандын курама командасын утуп алды
Кыргызстандын футболчулары Бишкекте, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн жолдоштук беттеште Ливандын курама командасын утуп алды. Кыргызстан футбол союзунан жолдоштук беттештер курама команданын Азия Кубогу -2027ге даярдык этабынын финалдык стадиясы болуп калганын билдирди.
1-таймда Одилжон Абдурахманов жана Алимардон Шүкүров атаандаш команданын дарбазасына 2 топ киргизишти. 2-таймда ливандыктар гол киргизүүгө жетишишти. Бирок андан 2 мүнөт өтпой биздин футболчулар 1 гол кошушту. Мында да Алимардон Шүкүров айырмаланды. Беттеш 3:1 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады.
28-сентябрда Кыргызстан курама командасы Мальдивди 5:0 эсебинде утуп алган.