Улуттук банк 4 жаранга жана 1 насыя союзуна айып салды

Улуттук банк 4 жаранга жана 1 насыя союзуна айып салды

28-сентябрдан 2-октябрга чейинки жумада мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан чаралар көрүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузган 4 жарандын ар бирине 17 500 сомдон айып пул салынды. Ал эми бир насыя союзуна 55 000 сом айып салынды.

Ошондой эле эки алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду:

• 30-сентябрдан 4-октябрга чейин - Бишкектеги Жал-29 жана Тыналиев көчөсүндөгү "Лекс Финанс" ЖЧКсынын;

• 1-октябрдан 3-октябрга чейин - "Алкан Базары", "Жаңы Түндүк" катарындагы "Алинур кейджи" ЖЧКсынын бюросу.

Мындан тышкары, "Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фонду" микрокредиттик агенттиги өзүн-өзү жоюу чечимин кабыл алгандыктан, анын күбөлүгү 30-сентябрдан тарта күчүн жоготту.

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Арчада" от жаккан 2 жаранга 15 миң сом айып салынды

"Ала-Арчада" от жаккан 2 жаранга 15 миң сом айып салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы "Ала-Арча" жаратылыш паркынын Кайың токойу аймагында рейд өткөрдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, рейд токойлорду өрттөн коргоо максатында уюштурулган. Текшерүүдө токойдо от жагууга тыюу салынганына карабастан, от жаккан жарандар аныкталды. Аларга карата 2 протокол

Ишкер Media
Кыргызстан менен Оман инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Оман инвестициялык кызматташтыкты талкуулады

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Оман Султанатынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия департаментинин башчысы Шейх Аль-Аббас бин Ибрагим Аль-Харти баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Маалымдалгандай, жолугушуу ведомстволор аралык форматта өттү. Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты. Тараптар кыргыз-

Ишкер Media
Бир жумада 25 миңден ашуун жол эреже бузуу аныкталды

Бир жумада 25 миңден ашуун жол эреже бузуу аныкталды

25-сентябрдан 1-октябрга чейин өлкө аймагында алдын ала маалымат боюнча 25 591 жол эреже бузуу фактысын аныктады. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. Анын ичинен: • документсиз айдоо - 4 592; • мас абалында айдоо - 355; • айнекти мыйзамсыз караңгылатуу - 191; • жөө жүргүнчүлөр тарабынан эреже бузуу - 1 325; • транспортту

Ишкер Media
Кыргызстандын футболчулары жолдоштук беттеште Ливандын курама командасын утуп алды

Кыргызстандын футболчулары жолдоштук беттеште Ливандын курама командасын утуп алды

Кыргызстандын футболчулары Бишкекте, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн жолдоштук беттеште Ливандын курама командасын утуп алды. Кыргызстан футбол союзунан жолдоштук беттештер курама команданын Азия Кубогу -2027ге даярдык этабынын финалдык стадиясы болуп калганын билдирди. 1-таймда Одилжон Абдурахманов жана Алимардон Шүкүров атаандаш команданын дарбазасына 2 топ киргизишти. 2-таймда ливандыктар гол киргизүүгө

Ишкер Media