Маданият министрлиги "Кыргызстан үчүн 100 идея" жаштар сынагын жарыялады
Маданият министрлиги "Кыргызстан үчүн 100 идея" республикалык сынагы башталганын жарыялады. Ага 14 жаштан тартып 35 жашка чейинки өлкөнүн өнүгүшү үчүң инновациялык долбоорлорду сунуштаган жаштар катыша алышат.
Сынак 8 номинацияда өтүлөт:
- "Илим жана изилдөө"
- "IT-сферасы жана креативдүү индустрия"
- "Медицина"
- Курчаган чөйрөнү коргоо"
- "Социалдык сфера"
- "Туризм"
- "Өндүрүш технологиясы жана өнөр жай инфраструктурасы"
- "Коопсуздук"
Маалымдалгандай, сынакка окуучулар, студенттер, жаш окумуштуулар жана иштеп жаткан жаштар катыша алышат. Долбоорлорду баалоодо жаңычылдык, актуалдуулук, практикалык мааниси жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү эске алынат. Жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлык жана эл аралык "КМШ үчүн 100 идея" сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Катышуу үчүн арыздар 5-октбрдан 5-ноябрга чейин кабыл алынат.