Ош шаарынын 3026 жылдыгы салтанаттуу белгиленди
Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык салтанат масштабдуу гала-концерт менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, майрамдык иш-чарада шаар мэри Жанарбек Акаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов тургундарды жана конокторду куттуктады. Алар байыркы Оштун акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык жетишкендиктерин, инфраструктуралык жаңыланууларын жана өнүктүрүү долбоорлорун белгилешти.
Салтанаттуу программа шаардык маданият жана жаштар башкармалыгы тарабынан даярдалып, театралдаштырылган көрүнүштөр жана майрамдык фейерверк менен коштолду.
Гала-концертте Кыргызстандын эл жана эмгек сиңирген артисттери, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын популярдуу жылдыздары JAX 02.14, Амирчик, Жийдеш Идрисова, Хамдам Собиров өнөр көрсөтүп, 30 миңден ашуун көрүүчүгө майрамдык маанай тартуулады.


