Лебединовка - ГЭС-5 жолунун курулушу 99% аяктады

Лебединовка - ГЭС-5 жолунун курулушу 99% аяктады

Лебединовка - ГЭС-5 автожолу президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 99%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, мурда эки тилкелүү болгон жол төрт тилкеге чейин кеңейтилип, заманбап талаптарга ылайыкташтырылды. Мындан тышкары кошумча тилке да курулду.

Жолдун жарыктандыруу системасы кечээтен тарта ишке кирди. Бул түнкү убакта айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуздукту камсыздап, ыңгайлуу шарт түзөт.

Жол инфраструктурасынын жаңыланышы Бишкек шаарынын кире беришин жакшыртып, транспорттук жеткиликтүүлүктү арттырууга багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Маданият министрлиги "Кыргызстан үчүн 100 идея" жаштар сынагын жарыялады

Маданият министрлиги "Кыргызстан үчүн 100 идея" жаштар сынагын жарыялады

Маданият министрлиги "Кыргызстан үчүн 100 идея" республикалык сынагы башталганын жарыялады. Ага 14 жаштан тартып 35 жашка чейинки өлкөнүн өнүгүшү үчүң инновациялык долбоорлорду сунуштаган жаштар катыша алышат. Сынак 8 номинацияда өтүлөт: * "Илим жана изилдөө" * "IT-сферасы жана креативдүү индустрия" * "Медицина" * Курчаган чөйрөнү коргоо&

Ишкер Media
Ош шаарынын 3026 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Ош шаарынын 3026 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык салтанат масштабдуу гала-концерт менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, майрамдык иш-чарада шаар мэри Жанарбек Акаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов тургундарды жана конокторду куттуктады. Алар байыркы Оштун акыркы жылдардагы социалдык-экономикалык жетишкендиктерин, инфраструктуралык жаңыланууларын жана өнүктүрүү

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт

2026-жылдын 6-октябрында саат 09:00дөн 02:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. “Бишкексууканал” муниципиалдык ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлагандай, өчүрүүнүн райондору: -        Шабдан Баатыр көчөсү – Бакаев көчөсү – Алтымышев көчөсү – Жунусалиев

Ишкер Media
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Ливанды 3:1 эсебинде жеңип алды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Ливанды 3:1 эсебинде жеңип алды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы жолдоштук беттеште Ливандын командасын 3:1 эсебинде жеңип алды. Оюн 4-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты Билдирүүгө караганда, беттешти МинКаб төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев, ЖКтин спикери Марлен Мамталиев баштаган бийлик өкүлдөрү

Ишкер Media