Улуттук банк мыйзам бузган бюронун ишин токтотту
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын талаптарын бузгандыгы үчүн "Гимэкс" ЖЧКнын алмашуу бюросунун иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, бюро Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129-үй, 11-кеңсе дарегинде жайгашкан.
2026-жылдын 6-апрелинде берилген №7218 лицензиясынын аракети 2026-жылдын 6-октябрынан 15-октябрына чейин токтотулду.