Каржы министрлиги жана ЕРӨБ "Камбар-Ата-1" ГЭСин каржылоону талкуулады
5-октябрда каржы министри Руслан Сүйналиев Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан жана Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча ЕРӨБдүн аймактык директору Нодира Мансурова менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка карганда, жолугушуунун жүрүшүндө ЕРӨБдүн долбоорлорду ишке ашыруу, кызматташтыкты кеңейтүү, "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоору, ЕРӨБдүн Кыргызстандагы ишмердигинин укуктук негиздерине байланыштуу маселелер талкуулга коюлду.
Иштеп жаткан долбоорлорду тездетүү, сатып алуу жол-жоболорун өркүндөтүү жана каражаттарды натыйжалуу өздөштүрүү жагы да каралды.