Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт

7-октябрда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Чүй проспектиси - Ибраимов - Фрунзе - Осмонкул көчөлөрү.

Бул аймактагы турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык, өнөр жай объектилеринде суу болбойт. Себеби диаметри 500 мм болгон суу түтүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлөрү айтылат маалыматта.

"Бишкексууканал" ишканасы тургундардан сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Ошондой эле "Менин шаарым" тиркемеси аркылуу пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу маалымат алса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө мыйзамсыз балык уулоо үчүн 36 миң сом айып салынды

Чүйдө мыйзамсыз балык уулоо үчүн 36 миң сом айып салынды

Чүй облусунда рейд учурунда балык уулоо эрежелерин бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, текшерүүдө тыюу салынган синтетикалык торлор жана электр жабдыктары менен балык уулагандар аныкталган. Рейдде узундугу 500 метр болгон синтетикалык торлор, электр кармагыч алынды. 4 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга жалпы 36 000 сом

Ишкер Media
Каржы министрлиги жана ЕРӨБ "Камбар-Ата-1" ГЭСин каржылоону талкуулады

Каржы министрлиги жана ЕРӨБ "Камбар-Ата-1" ГЭСин каржылоону талкуулады

5-октябрда каржы министри Руслан Сүйналиев Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан жана Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча ЕРӨБдүн аймактык директору Нодира Мансурова менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка карганда, жолугушуунун жүрүшүндө ЕРӨБдүн долбоорлорду ишке ашыруу, кызматташтыкты кеңейтүү, "

Ишкер Media
Улуттук банк мыйзам бузган бюронун ишин токтотту

Улуттук банк мыйзам бузган бюронун ишин токтотту

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын талаптарын бузгандыгы үчүн "Гимэкс" ЖЧКнын алмашуу бюросунун иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, бюро Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129-үй, 11-кеңсе дарегинде жайгашкан. 2026-жылдын 6-апрелинде берилген №7218 лицензиясынын аракети 2026-жылдын 6-октябрынан 15-октябрына

Ишкер Media
Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган эки жаран экстрадицияланды

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган эки жаран экстрадицияланды

КРнын Башкы прокуратурасынын Грузиянын компетенттүү органдары менен кызматташуусунун негизинде ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн эки жаран КРна экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, алардын бири - Т.К. аттуу жаран расмий документтерди жасалмалоо жолу менен Көк-Жар айылындагы аянты 27,9 га жер тилкесине укук белгилөөчү

Ишкер Media