Чүйдө мыйзамсыз балык уулоо үчүн 36 миң сом айып салынды
Чүй облусунда рейд учурунда балык уулоо эрежелерин бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, текшерүүдө тыюу салынган синтетикалык торлор жана электр жабдыктары менен балык уулагандар аныкталган.
Рейдде узундугу 500 метр болгон синтетикалык торлор, электр кармагыч алынды. 4 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга жалпы 36 000 сом айып пул салынды.
Облуста рейддик иш-чаралар улантылууда.