Дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикасы 6,1 пайыздан 9,6 пайызга чейин өстү деп баалады

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикасы 6,1 пайыздан 9,6 пайызга чейин өстү деп баалады

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын 2026-жылдагы экономикасынын өсүшүн 6,1 пайыздан 9,6 пайызга чейин өстү деп баалады. Банк жаңы баа берүүсүн 6-октябрда Европа жана Борбордук Азия боюнча экономикалык байкоо жүргүзүусүндө жарыялагандыгын "Экономист.кг" маалымат булагы билдирди.

Кыргызстан эми өсүү темпи күтүлүп жаткан аймактардын лидерлеринин катарына кирет. Дүйңөлүк банк Борбордук Азиянын экономикасынын өсүшүн орточо эсеп менен 5,8%, Өзбекстандын экономикасын 7,9% деп болжолдойт. Кыргызстан үчүн 9,6 % деп баалоо аймактардагы эң жогорку көрсөткүч.

Дүйнөлүк банк 6-июнда үзгүлтүксүз жарыялоочу "Глобалдуу экономикалык перспективалар" докладында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшүн болгону 6,1% деңгээлде болот деп күткөн. Ошентип 4 айга жетпген убакта 3,5 пайызга өстү деп бааланды.

Дүйнөлүк банктын божомолу Азия өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык валюталык фондунун божомолдорунан жогору. Ошол эле учурда Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүу банкынын божомолунан төмөн, аталган банк Кыргызстандын өсүшүн 2026-жылы 10,2% пайыз деп божомолдойт.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Атада таштанды өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып салынды

Ысык-Атада таштанды өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып салынды

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында таштанды жана кургак чөп өрттөгөн ишканага айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундун видео кайрылуусунан кийин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгы рейддик текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө ишкананын аймагында таштанды, кургак чөп жана жалбырак өрттөлгөнү аныкталды. Мыйзам бузуу үчүн

Ишкер Media
Президент өлкөдө 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж экенин айтты

Президент өлкөдө 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж экенин айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышын жасады. Маалым болгондой, Нарын шаарында алгачкы жолу 216 батирлүү жана Кочкор районунда 217 батирлүү заманбап турак жай комплекси пайдаланууга берилет. Турак жай комплекстеринде балдар

Ишкер Media
Бишкекте темир жол өтмөгү аркылуу өтүүдө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкекте темир жол өтмөгү аркылуу өтүүдө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Темир жол өтмөгүндөгү тосмо жабдуусун алмаштыруу иштерине байланыштуу Асаналиев көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгү аркылуу автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул өтмөк Бишкек-1 — Бишкек-2 темир жол тилкесинин 3778-чакырымында жайгашкан. КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, иштер 2026-жылдын 8, 9,

Ишкер Media
Бишкек жана Сеул "Seoul Fitness 9988" долбоорун ишке ашырууда

Бишкек жана Сеул "Seoul Fitness 9988" долбоорун ишке ашырууда

Бишкек мэриясында мэрдин орун басары Рахат Мусаева Сеул өкмөтүнүн делегациясы менен жолугушту. Делегацияны эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн директорунун орун басары Пак Чанхён жетектеди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу Сеул өкүлдөрүнүн жумушчу сапарынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болду. Негизги максат - "Seoul Fitness 9988" долбоорун ишке

Ишкер Media