Президент өлкөдө 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж экенин айтты

Президент өлкөдө 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж экенин айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышын жасады.

Маалым болгондой, Нарын шаарында алгачкы жолу 216 батирлүү жана Кочкор районунда 217 батирлүү заманбап турак жай комплекси пайдаланууга берилет.

Турак жай комплекстеринде балдар үчүн оюн аянтчасы, эс алуу зоналары, спорттук аянтчалар, кеңсе жайлар, унаа токтотмолору сыяктуу зарыл шарттар каралган.

"Буюрса, жыл соңуна чейин Баткен, Токмок, Кара-Балта, Манас, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашык батирдин курулуштары аяктайт. Дагы бир жакшы жаңылык, жакында эле Жумгал районунун Чаек айылында дагы 8 блоктон турган, 6 кабаттуу, 240 батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталды", - деди президент эл менен жолугушууда.

Ошондой эле өлкө башчы, аймактарда кадр жетишсиздиги бар экенин айтып, тажрыйбалуу медициналык жана башка кадрларды тартуу максатында Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине 20 батир, Кочкор районунун Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине дагы 20 кызматтык батирди бөлүп берди.

Өлкө боюнча учурда 150-200 миңге жакын үй-бүлө жеткиликтүү турак жайга муктаж.

Мындан тышкары окуңуз

Ош аэропортунан 1,2 млн сомдук тыюу салынган продукция табылды

Ош аэропортунан 1,2 млн сомдук тыюу салынган продукция табылды

Мамлекеттик салык кызматы Ош шаарында тыюу салынган продукцияны алып кирүү аракетин аныктады. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, аэропорттун текшерүү зонасында жүктөрдү кароо учурунда курамында никотин бар 2 497 даана чайноочу аралашма (снюс) табылган. Анын баасы 1 млн 200 миң сомдон ашат. Факты боюнча акт түзүлүп, материалдар

Ишкер Media
Кыргызстан BBNJ макулдашуусун ишке ашырууда

Кыргызстан BBNJ макулдашуусун ишке ашырууда

6-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы – Глобалдык экологиялык фонддун (БУУӨП-ГЭФ) BBNJ макулдашуусун ишке ашырууга даярдык долбоорунун ачылыш семинары өттү. Бул тууралуу өлкөдөгү Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстан бул макулдашууга 2025-жылы 17-июлда кол койгон, ал 2026-жылы 17-январда күчүнө кирген. Макулдашуу улуттук

Ишкер Media
Ысык-Атада таштанды өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып салынды

Ысык-Атада таштанды өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып салынды

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында таштанды жана кургак чөп өрттөгөн ишканага айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундун видео кайрылуусунан кийин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгы рейддик текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө ишкананын аймагында таштанды, кургак чөп жана жалбырак өрттөлгөнү аныкталды. Мыйзам бузуу үчүн

Ишкер Media
Бишкекте темир жол өтмөгү аркылуу өтүүдө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкекте темир жол өтмөгү аркылуу өтүүдө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Темир жол өтмөгүндөгү тосмо жабдуусун алмаштыруу иштерине байланыштуу Асаналиев көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгү аркылуу автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул өтмөк Бишкек-1 — Бишкек-2 темир жол тилкесинин 3778-чакырымында жайгашкан. КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, иштер 2026-жылдын 8, 9,

Ишкер Media