Бишкек жана Сеул "Seoul Fitness 9988" долбоорун ишке ашырууда
Бишкек мэриясында мэрдин орун басары Рахат Мусаева Сеул өкмөтүнүн делегациясы менен жолугушту. Делегацияны эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн директорунун орун басары Пак Чанхён жетектеди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Сеул өкүлдөрүнүн жумушчу сапарынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болду. Негизги максат - "Seoul Fitness 9988" долбоорун ишке ашыруу.
Тараптар аткарылган иштерди жыйынтыктап, кийинки кадамдарды талкуулашты. Корея тарап долбоордун кийинки этаптары боюнча презентация жасады.
Иш сапарда Сеул өкүлдөрү мэриянын түзүмдөрү менен жолугушуп, долбоор үчүн тандалган объект менен таанышты.
Рахат Мусаева Сеул өкмөтүнө колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мэрия долбоорду сапаттуу ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.
Тараптар биргелешкен ишти улантууга даяр экенин ырасташты.