Бишкекте темир жол өтмөгү аркылуу өтүүдө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Бишкекте темир жол өтмөгү аркылуу өтүүдө унаа кыймылына чектөө киргизилет

Темир жол өтмөгүндөгү тосмо жабдуусун алмаштыруу иштерине байланыштуу Асаналиев көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгү аркылуу автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул өтмөк Бишкек-1 — Бишкек-2 темир жол тилкесинин 3778-чакырымында жайгашкан.

КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, иштер 2026-жылдын 8, 9, 10 жана 11-октябрь күндөрү саат 21:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин жүргүзүлөт.

Бул убакыт аралыгында темир жол өтмөгү аркылуу унаалардын өтүүсүнө жарым-жартылай чектөө киргизилет. Оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт. Алгач жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн бир тарабы жабылып, ал жердеги иштер толук аяктагандан кийин экинчи тарабы жабылат.

Айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландаштырууда киргизилген убактылуу чектөөлөрдү эске алууну жана жол белгилеринин талаптарын сактоо сунушталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан BBNJ макулдашуусун ишке ашырууда

Кыргызстан BBNJ макулдашуусун ишке ашырууда

6-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы – Глобалдык экологиялык фонддун (БУУӨП-ГЭФ) BBNJ макулдашуусун ишке ашырууга даярдык долбоорунун ачылыш семинары өттү. Бул тууралуу өлкөдөгү Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстан бул макулдашууга 2025-жылы 17-июлда кол койгон, ал 2026-жылы 17-январда күчүнө кирген. Макулдашуу улуттук

Ишкер Media
Ысык-Атада таштанды өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып салынды

Ысык-Атада таштанды өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып салынды

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында таштанды жана кургак чөп өрттөгөн ишканага айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундун видео кайрылуусунан кийин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгы рейддик текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө ишкананын аймагында таштанды, кургак чөп жана жалбырак өрттөлгөнү аныкталды. Мыйзам бузуу үчүн

Ишкер Media
Президент өлкөдө 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж экенин айтты

Президент өлкөдө 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж экенин айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышын жасады. Маалым болгондой, Нарын шаарында алгачкы жолу 216 батирлүү жана Кочкор районунда 217 батирлүү заманбап турак жай комплекси пайдаланууга берилет. Турак жай комплекстеринде балдар

Ишкер Media
Бишкек жана Сеул "Seoul Fitness 9988" долбоорун ишке ашырууда

Бишкек жана Сеул "Seoul Fitness 9988" долбоорун ишке ашырууда

Бишкек мэриясында мэрдин орун басары Рахат Мусаева Сеул өкмөтүнүн делегациясы менен жолугушту. Делегацияны эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн директорунун орун басары Пак Чанхён жетектеди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу Сеул өкүлдөрүнүн жумушчу сапарынын жыйынтыктоочу иш-чарасы болду. Негизги максат - "Seoul Fitness 9988" долбоорун ишке

Ишкер Media