Ош аэропортунан 1,2 млн сомдук тыюу салынган продукция табылды

Ош аэропортунан 1,2 млн сомдук тыюу салынган продукция табылды

Мамлекеттик салык кызматы Ош шаарында тыюу салынган продукцияны алып кирүү аракетин аныктады. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, аэропорттун текшерүү зонасында жүктөрдү кароо учурунда курамында никотин бар 2 497 даана чайноочу аралашма (снюс) табылган. Анын баасы 1 млн 200 миң сомдон ашат.

Факты боюнча акт түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлдү.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда курамында никотин бар чегилбей турган заттарды өндүрүүгө, алып кирүүгө, сактоого жана сатууга тыюу салынган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Агартуу министрлиги жана Ислам өнүктүрүү банкы Smart-Ed долбоорун талкуулады

Агартуу министрлиги жана Ислам өнүктүрүү банкы Smart-Ed долбоорун талкуулады

Бүгүн Агартуу министрлигинде Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууга министрдин орун басары Надира Джусупбекова, ИӨБдүн Алматыдагы аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Зафар Хундал, ИӨБдүн Кыргызстандагы өкүлү Руслан Татиков жана долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Нурлан Атаканов катышты. Анда Smart-Ed долбоорунун

Ишкер Media
Бишкекте электр энергиясын керектөө кескин көбөйдү

Бишкекте электр энергиясын керектөө кескин көбөйдү

Бишкекте аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам электр энергиясын керектөө кескин көбөйдү. Бул тууралу "Биринчи радиого" "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын Бишкек электр тармактары ишканасынын башкы инженеринин орун басары Алмаз Кенесариев билдирди. Кенесариевдин айтымында Бишкекке дагы төрт 110 киловольттук электро станция курулду. "Бишкекте электр энергиясын колдонуучу

Ишкер Media
Кыргызстан BBNJ макулдашуусун ишке ашырууда

Кыргызстан BBNJ макулдашуусун ишке ашырууда

6-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы – Глобалдык экологиялык фонддун (БУУӨП-ГЭФ) BBNJ макулдашуусун ишке ашырууга даярдык долбоорунун ачылыш семинары өттү. Бул тууралуу өлкөдөгү Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстан бул макулдашууга 2025-жылы 17-июлда кол койгон, ал 2026-жылы 17-январда күчүнө кирген. Макулдашуу улуттук

Ишкер Media
Ысык-Атада таштанды өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып салынды

Ысык-Атада таштанды өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып салынды

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында таштанды жана кургак чөп өрттөгөн ишканага айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундун видео кайрылуусунан кийин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгы рейддик текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө ишкананын аймагында таштанды, кургак чөп жана жалбырак өрттөлгөнү аныкталды. Мыйзам бузуу үчүн

Ишкер Media