Кыргызстан BBNJ макулдашуусун ишке ашырууда

Кыргызстан BBNJ макулдашуусун ишке ашырууда

6-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы – Глобалдык экологиялык фонддун (БУУӨП-ГЭФ) BBNJ макулдашуусун ишке ашырууга даярдык долбоорунун ачылыш семинары өттү. Бул тууралуу өлкөдөгү Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстан бул макулдашууга 2025-жылы 17-июлда кол койгон, ал 2026-жылы 17-январда күчүнө кирген. Макулдашуу улуттук юрисдикциядан тышкаркы райондордогу деңиз биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоого жана туруктуу пайдаланууга багытталган.

Деңизге чыгуусу жок өлкө катары Кыргызстан үчүн бул илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө, билимге жана технологияга жетүүгө жаңы мүмкүнчүлүк түзөт.

Эки жыл ичинде долбоор Кыргызстандын укуктук, институционалдык жана техникалык даярдыгына баа берип, практикалык сунуштарды иштеп чыгат.

Долбоор БУУӨП тарабынан ГЭФ колдоосу менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен бирге ишке ашырылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте электр энергиясын керектөө кескин көбөйдү

Бишкекте электр энергиясын керектөө кескин көбөйдү

Бишкекте аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам электр энергиясын керектөө кескин көбөйдү. Бул тууралу "Биринчи радиого" "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын Бишкек электр тармактары ишканасынын башкы инженеринин орун басары Алмаз Кенесариев билдирди. Кенесариевдин айтымында Бишкекке дагы төрт 110 киловольттук электро станция курулду. "Бишкекте электр энергиясын колдонуучу

Ишкер Media
Ош аэропортунан 1,2 млн сомдук тыюу салынган продукция табылды

Ош аэропортунан 1,2 млн сомдук тыюу салынган продукция табылды

Мамлекеттик салык кызматы Ош шаарында тыюу салынган продукцияны алып кирүү аракетин аныктады. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, аэропорттун текшерүү зонасында жүктөрдү кароо учурунда курамында никотин бар 2 497 даана чайноочу аралашма (снюс) табылган. Анын баасы 1 млн 200 миң сомдон ашат. Факты боюнча акт түзүлүп, материалдар

Ишкер Media
Ысык-Атада таштанды өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып салынды

Ысык-Атада таштанды өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып салынды

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында таштанды жана кургак чөп өрттөгөн ишканага айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундун видео кайрылуусунан кийин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгы рейддик текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүдө ишкананын аймагында таштанды, кургак чөп жана жалбырак өрттөлгөнү аныкталды. Мыйзам бузуу үчүн

Ишкер Media
Президент өлкөдө 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж экенин айтты

Президент өлкөдө 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж экенин айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылышын жасады. Маалым болгондой, Нарын шаарында алгачкы жолу 216 батирлүү жана Кочкор районунда 217 батирлүү заманбап турак жай комплекси пайдаланууга берилет. Турак жай комплекстеринде балдар

Ишкер Media