Өлкөдө Starlink интернет кызматынын пилоттук режими аяктады: Эми кандай шартта иштейт?
Кыргызстанда Starlink интернет кызматтарын колдонуу боюнча бир жылдык пилоттук режим 5-октябрда аяктады. Бир жыл ичинде өлкөдө интернет кызматтарын сыноо жана тиешелүү механизмдерди иштеп чыгуу каралган. Бул тууралуу Экономист.кг маалымат булагы жазып чыкты.
Starlink кызматы өлкөдө 2026-жылдын май айында расмий түрдө ишке кирип, пилоттук долбоордун алкагында кызмат көрсөтө баштаган. Бирок пилоттук режимдин мөөнөтү аяктаганына карабастан, Starlink Кыргызстанда кызматтарын сунуштоону улантууда. Компаниянын сервисине жазылуу жана жабдууларды алуу мүмкүнчүлүгү дагы деле жеткиликтүү.
Кыргыз өкмөтү Starlink Кыргызстанда кайсы укуктук негизде иштеп жатканы боюнча расмий түшүндүрмө бере элек. Президенттин №276 жарлыгына ылайык, пилоттук режим 2025-жылдын 6-октябрынан ушул жылдын 5-октябрына чейин иштеши кереги жазылган.
Ушул жылдын май айында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Starlinkтин активдүү камтуу аймагына киргизип, бийик тоолуу Эңилчек айылындагы мектепке спутниктик интернеттин иштөөсүнө расмий старт берген. Аны ал президенттин жарлыгынын негизинде жүргүзүлүп жатканын расмий билдирген.
Министрлер Кабинети билдиргендей, ишке киргизүү учуруна карата SpaceX мамлекет тарабынан коюлган бардык техникалык жана укуктук талаптарды аткарган. Компаниянын Кыргызстандагы жергиликтүү инфраструктуралык өнөктөшү катары "ЭлКат" ЖЧКсы көрсөтүлгөн. Бирок ,6-октябрга карата пилоттук долбоорду кайра узартуу тууралуу өзүнчө чечим же анын жыйынтыктары боюнча маалыматтар айтыла элек.
Пилоттук режим аяктаган күнү байланыш операторлору үчүн жаңы эрежелер киргизилди
5-октябрда Министрлер Кабинети телекоммуникация рыногу үчүн жаңы жалпы эрежелерди белгилеген эки токтом кабыл алды.
- №664 токтом менен телекоммуникация операторлорун лицензиялоо боюнча жаңы жобо жана радиожыштык спектрин пайдалануу укугу үчүн соода өткөрүү тартиби бекитилди. Бул документ 2017-жылдан бери колдонулуп келген радиожыштыктарды пайдаланууну лицензиялоо боюнча мурдагы эрежелерди жокко чыгарды.
- №666 токтом менен радиожыштык спектрин пайдалангандыгы үчүн жыл сайын төлөнүүчү акынын жаңы эсептөө методикасы бекитилди. Ал эми 2015-жылы кабыл алынган мурдагы методика күчүн жоготту. Эки токтом тең жаңы Санарип кодекстин алкагында кабыл алынган.
Starlink Кыргызстанда кызмат көрсөтүүсүн улантууда
6-октябрга карата Starlinkтин Кыргызстан үчүн буйрутмаларды кабыл алып, кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин сом менен жарыялоону улантууда. Министрлер Кабинети апрель айында Starlink ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен тиешелүү келишимдерге кол койгонун жана долбоорду ишке киргизүү үчүн зарыл болгон уруксат алуу жол-жоболорун аяктаганын билдирген.