Мамлекеттик бажы жана Мамлекеттик чек ара кызматына жаңы жетекчилер дайындалды

Мамлекеттик бажы жана Мамлекеттик чек ара кызматына жаңы жетекчилер дайындалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Улан Кимсанов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кимсанов буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.  

Улан Кимсанов - 1995-жылы Кыргыз тоо-кен жана металлургия институтун пайдалуу кендерди жер астынан казып алуу адистиги боюнча, 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча, ал эми 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын менеджмент адистиги боюнча аяктаган. Ал эми бажы кызматындагы эмгек жолун ал 1997-жылдын июнь айында баштаган.

Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматын Алмаз Салиев аркалап келген.

Ошондой эле Абдикарим Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы кызматынан бошотулуп, анын ордуна орун басары Данияр Сатимов жаңы төрагасы болуп дайындалды.

Данияр Сатимов - Коргоо министрлигинде жана КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында жетекчилик кызматтарды кошо алганда, ар кандай кызматтарда иштеген. 2017-жылы ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Ал бул кызматты үзгүлтүккө учуратып жана башка кызматтарга которулуп, 2026-жылдын күзүнө чейин ээлеген.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media