Кочкордон 1000 тонна көмүр Бишкек жылуулук электр борборуна жиберилди.
Кочкор темир жол станциясында биринчи жолу Бишкек жылуулук электр борбору үчүн көмүр жөнөтүлө баштады. Кече Кочкор темир жол бекетинен жүктөлгөн 15 вагондон турган жалпы салмагы 1000 тоннаны түзгөн көмүр Бишкек шаарында жайгашкан Аламүдүн темир жол бекетине келип түшкөн. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, аталган бекетте Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүрдү жеткирүү иштери жүргүзүлөт.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек ЖЭБге көмүр Балыкчы бекетинен жеткирилип келген. Эми мындан ары Аламүдүн темир жол бекети көмүр жүктөлгөн вагондорду Кочкор темир жол бекетинен кабыл ала баштайт.
Мамлекеттик ишкана темир жол транспортуна өтүү жолдордогу жүк ташуучу унаалардын санын кыскартып, жолдордун бузулуусун азайтып, Ысык-Көл аймагы аркылуу өтүүчү каттамдардагы жүктөмдү азайтат деп үмүттөнөт.

