Студенттердин стипендиясы жогорулайт

Студенттердин стипендиясы жогорулайт

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуучулардын стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуучулардын социалдык колдоону жана аларга материалдык дем берүүнү күчөтүү максаты каралган. Тийиштүү токтомдо төмөнкүлөр белгиленген:

  • 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле ЖОЖдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткандарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын.
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети зарыл чараларды көрүп,
    Жарлыкты ишке ашырууга зарыл болгон бюджеттик каражаттарды карасын.
  • Президенттин 2005-жылдын 19-январындагы №20 “КРнын мамлекеттик баштапкы, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттеринин жана окуучуларынын стипендиясынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
  • Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо КРнын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгеси алкагында чуркоо өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы ЖОЖдордон 500дөн ашык студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы 700 катышуучу болду. Уюштуруучулар белгилегендей, бул жөн

Ишкер Media
Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Кыргызстанда Күрп-Сай гидроэлектр станциясын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭС ишке киргизилген. Учурда аталган станция электр энергиясын өндүрүүгө салым

Ишкер Media
Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

2027-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы облуста социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, аймакта медициналык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу

Ишкер Media
Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Аксы районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге көбөйдү

Өлкө лидери Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Аксы районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Мамлекет башчысынын айтымында, Аксы районунун бюджети акыркы беш жылда эки эсеге көбөйдү. 2021-жылы райондун бюджети 154 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 308 млн сомго

Ишкер Media