Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды
Кыргызстанда Күрп-Сай гидроэлектр станциясын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭС ишке киргизилген. Учурда аталган станция электр энергиясын өндүрүүгө салым кошууда.
Мындан тышкары, "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу жана "Камбар-Ата-2" ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү долбоорлору жүзөгө ашырылууда.
Президент бул долбоорлор электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө, калкты жана ишканаларды туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталганын кошумчалады.