Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү
Ош шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгеси алкагында чуркоо өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы ЖОЖдордон 500дөн ашык студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы 700 катышуучу болду.
Уюштуруучулар белгилегендей, бул жөн гана спорттук мелдеш эмес, жаштардын сергек жашоого умтулуусун жана биримдикти даңазалаган демилге.
Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланды.