Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат
2027-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысы облуста социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, аймакта медициналык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Кербен шаарында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай комплексинин курулушу уланууда.
Президент калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу, таза ичүүчү суу жана ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу багытындагы иштерге да токтолду.