Быйыл социалдык объектилердин курулушуна 40 млрд сомдон ашык каражат каралды

Быйыл социалдык объектилердин курулушуна 40 млрд сомдон ашык каражат каралды

2026-жылы Кыргызстанда социалдык объектилердин курулушуна жана оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен жана Турукташтыруу фондунан жалпы 40 млрд 563 млн сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттен 509 объекттин курулушуна 17 млрд 818 млн сом, ал эми Турукташтыруу фондунан социалдык-маданий багыттагы 72 объектти курууга жана оңдоого 22 млрд 745 млн сом бөлүнгөн.

“Бул каражаттар өлкө боюнча социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Өзгөчө билим берүүгө көңүл бурулууда”, — деди Акунбеков.

Ошондой эле 2026-жылы республикалык бюджеттен жол куруу иштерине 35 млрд 505 млн сом бөлүнгөн. 10-октябрга карата өлкө боюнча 1668 чакырым жолдун курулушу аяктагандыгы белгиленди.

“Бишкек шаарындагы транспорт тыгындарын азайтуу үчүн сентябрь айынын аягына карата жалпы узундугу 154,2 чакырымды түзгөн 141 жол тилкесинде иштер башталган. Анын ичинен 65 тилкеде иштер уланууда”, - деп билдирди министр.

Мындан тышкары, Бишкекте узундугу 16,2 чакырымды түзгөн Чыгыш айланма жолун куруу долбоору ишке ашырылууда. Эми Батыш айланма жолун өнүктүрүү боюнча да трассаны аныктоо жана даярдык иштерин жүргүзүү маселелери каралууда.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште социалдык объектилердин жана автомобиль жолдорунун курулушу, транспорт тыгындары, ошондой эле социалдык маанилүү товарлардын баасын жөнгө салуу боюнча Министрлер Кабинетинин маалыматы угулууда.

Мындан тышкары окуңуз

Соода-өнөр жай палатасына дагы 70 жаңы мүчө кабыл алынды

Соода-өнөр жай палатасына дагы 70 жаңы мүчө кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Президиумунун жыйынында 70 жаңы мүчө кабыл алынды. Бул тууралуу палатанын президенти Темир Сариев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Маалыматка ылайык, алар өлкөнүн бардык аймактарынан келип, экономиканын ар кандай тармактарында иш алып барышат. Жыйында жаңы мүчөлөргө сертификаттар тапшырылып, алдыдагы иштерине ийгилик кааланды. Палатанын максаты ишкерлерди

Ишкер Media
"Балага сүйүнчү" жөлөк пулдун арызын  "Түндүк"аркылуу берсе болот

"Балага сүйүнчү" жөлөк пулдун арызын "Түндүк"аркылуу берсе болот

2026-жылдын 14-октябры, «Түндүк» мобилдик тиркемесинде «Балага сүйүнчү» мамлекеттик жөлөк пулун тариздөө боюнча электрондук кызмат ишке киргизилди. Эми ата-энелер жөлөк пул алуу үчүн арызды смартфон аркылуу берип, калкты тейлөө борборлоруна барбастан эле кызматтан пайдалана алышат. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Жаңы кызмат Социалдык камсыздоонун бирдиктүү тутумуна тиешелүү модулду

Ишкер Media
Сентябрда 74 объектке инженердик-техникалык корутунду берилди

Сентябрда 74 объектке инженердик-техникалык корутунду берилди

2026-жылдын сентябрь айында Сейсмо туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту республика боюнча 74 объектке инженердик-техникалык корутунду берди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Анын ичинен: • социалдык объекттер - 25; • турак жайлар - 22; • турак эмес жайлар - 11; • административдик имараттар - 5; • өндүрүштүк объекттер - 6; • башка объекттер - 5. Маалыматка караганда, инженердик-техникалык

Ишкер Media
Кыргызстанда дан жана картошка түшүмү кескин өстү

Кыргызстанда дан жана картошка түшүмү кескин өстү

Кыргызстанда 2026-жылы дан эгиндеринин, картошканын жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү былтыркыга салыштырмалуу кыйла көбөйдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Билдирүүгө караганда, күзгү оруп-жыйноо өнөктүгү аягына чыгып калды. Дыйкандар 2,5 млн тоннага жакын дан жана 965 миң тонна картошка жыйнашты. Чүй облусу дан жыйноо боюнча алдыда.

Ишкер Media