Кыргызстанда 2026-жылы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты

Кыргызстанда 2026-жылы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 500 млн сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 3,4 эседен көп. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы милдеттүү автоунаа камсыздандыруусу (ОСАГО), турак жайды камсыздандыруу жана камсыздандыруунун башка түрлөрү боюнча жалпы 146 млн 679 миң 277,12 сом төлөнгөн.

Ал эми 2026-жылдын тогуз айында камсыздандыруу төлөмдөрү төмөнкүдөй болгон:

- ОСАГО боюнча — 146 млн 868 миң 662,49 сом;

- Турак жайды камсыздандыруу боюнча — 57 млн 680 миң 351 сом;

- Камсыздандыруунун башка түрлөрү боюнча — 303 млн 233 миң 345,08 сом.

Жалпысынан, ушул мезгилде камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 507 млн 782 миң 358,57 сомду түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү чечимдер аймактын кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын башкаруу кеңешинин төрагасы болуп Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев дайындалды.   Ал эми “Тамчы” АФИАнын башкы директору

Ишкер Media
Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ош шаарынын тургуну Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Д. М. аттуу жаран “Chevrolet Epica” үлгүсүндөгү автоунааны 250 000 сомго сатып алып, убадаланган акчаны тийштүү убакка бербей, качып жүргөнүн билдирген. ОШ ШИИБнын маалыматка ылайык, шектүү өзүнө алган милдеттенмесин аткарган эмес. Натыйжада жабырлануучуга 250 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян

Ишкер Media
DARYA долбоорунун алкагында 1 868 кесиптик лицей мугалими окутулду

DARYA долбоорунун алкагында 1 868 кесиптик лицей мугалими окутулду

Кыргызстанда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик лицейлердин 1 868 мугалими окутулуп, Scaffold методикасы беш кесиптик лицейде сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Аталган министрликтин маалыматына ылайык, 13-14-октябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында DARYA долбоорунун Жогорку деңгээлдеги тобунун 5-жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандын Агартуу министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана

Ишкер Media
Улуттук банк ЭВФтин Бангкоктогу жыйынына катышты

Улуттук банк ЭВФтин Бангкоктогу жыйынына катышты

Бангкок шаарында ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйындарынын алкагында 13-октябрда Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн министрлери жана борбордук банк жетекчилери үчүн тегерек стол өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирди. Иш-чарага ЭВФтин аткаруучу директорунун орун басары Бо Ли катышты. Маалымдалгандай, жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын

Ишкер Media