“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду
Кыргызстандын “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү чечимдер аймактын кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын башкаруу кеңешинин төрагасы болуп Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев дайындалды.
Ал эми “Тамчы” АФИАнын башкы директору болуп Тилек Алимжановдун талапкерлиги жактырылды. Ал буга чейин финансы жана банк тармактарында жетекчилик кызматтарды аркалаган. Бул орган аймактын резиденттеринин ишмердүүлүгүн, анын ичинде лицензиялоо маселелерин көз карандысыз көзөмөлдөйт.
Мындан сырткары башкаруучу компаниянын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эл аралык тажрыйбасы бар Эгилс Дзерелис шайланды. Ал ошондой эле башкаруу кеңешинин мүчөсү болду.
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Аяз Баетов башкаруу кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары кызматын сактап калды.