Улуттук банк ЭВФтин Бангкоктогу жыйынына катышты
Бангкок шаарында ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйындарынын алкагында 13-октябрда Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн министрлери жана борбордук банк жетекчилери үчүн тегерек стол өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирди.
Иш-чарага ЭВФтин аткаруучу директорунун орун басары Бо Ли катышты.
Маалымдалгандай, жыйында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары А. Козубеков баяндама жасады. Ал акыркы жылдарда Кыргызстандын экономикасындагы негизги жетишкендиктерге токтолуп, глобалдык туруксуздук шартында өлкө экономикасы туш болгон тышкы таасирлер жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн кызматташтыгынын маанилүүлүгү жана ЭВФтин аналитикалык колдоосу белгиленди.