DARYA долбоорунун алкагында 1 868 кесиптик лицей мугалими окутулду

DARYA долбоорунун алкагында 1 868 кесиптик лицей мугалими окутулду

Кыргызстанда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик лицейлердин 1 868 мугалими окутулуп, Scaffold методикасы беш кесиптик лицейде сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, 13-14-октябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында DARYA долбоорунун Жогорку деңгээлдеги тобунун 5-жыйыны өтүп жатат.

Ага Кыргызстандын Агартуу министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү катышууда.

Европа Биримдигинин “Global Gateway” демилгесинин алкагында уюштурулган бул жыйында транспорт жана логистика тармагына керектүү адистерди даярдоо, кесиптик квалификацияларды өз ара таануу жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгын чыңдоо маселелери талкууланды.

Кыргызстандын делегациясы Европа билим берүү фондунун директору Пилви Торсти менен да жолугуп, баштапкы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү багыттарын талкуулады.

Агартуу министрлигинин өкүлү Бактыгүл Акулова эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон жумушчу кесиптер боюнча адистерди даярдоонун жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
DARYA — Борбордук Азиядагы жаштарды колдоого багытталган Европа Биримдигинин тарыхындагы алгачкы аймактык долбоор. Ал жаштарды коомго аралаштырууга жана эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган чаралар аркылуу колдоо көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ош жана Жалал-Абад аэропортторунун курулушу качан аяктаары белгилүү болду

Ош жана Жалал-Абад аэропортторунун курулушу качан аяктаары белгилүү болду

“Кыргызстан аэропорттору” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Ош жана Жалал-Абад аймактарына жумушчу сапар менен барып, эки маанилүү инфраструктуралык долбоордун курулушунун жүрүшүн карап чыкты. Иш сапарынын жүрүшүндө ал курулуш аянтчаларын карап чыгып, иштин жүрүшүн жана сапатын баалап, адистердин жана подрядчылардын отчетторун укту. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Ош

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бангладеш соода байланышты өнүктүрүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Бангладеш соода байланышты өнүктүрүүнү талкуулады

Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Бангладештин тышкы иштер боюнча катчысы Асад Алам Сиам менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, кыргыз продукциясын Бангладеш рыногуна чыгаруу, текстиль жана тигүү

Ишкер Media
“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү чечимдер аймактын кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын башкаруу кеңешинин төрагасы болуп Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев дайындалды.   Ал эми “Тамчы” АФИАнын башкы директору

Ишкер Media
Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ош шаарынын тургуну Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Д. М. аттуу жаран “Chevrolet Epica” үлгүсүндөгү автоунааны 250 000 сомго сатып алып, убадаланган акчаны тийштүү убакка бербей, качып жүргөнүн билдирген. ОШ ШИИБнын маалыматка ылайык, шектүү өзүнө алган милдеттенмесин аткарган эмес. Натыйжада жабырлануучуга 250 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян

Ишкер Media