Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ошто алдамчылыка шектелген жаран кармалды

Ош шаарынын тургуну Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, Д. М. аттуу жаран “Chevrolet Epica” үлгүсүндөгү автоунааны 250 000 сомго сатып алып, убадаланган акчаны тийштүү убакка бербей, качып жүргөнүн билдирген.

ОШ ШИИБнын маалыматка ылайык, шектүү өзүнө алган милдеттенмесин аткарган эмес. Натыйжада жабырлануучуга 250 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Аталган факты боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү Д. М. Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун аймагынан кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Ош жана Жалал-Абад аэропортторунун курулушу качан аяктаары белгилүү болду

Ош жана Жалал-Абад аэропортторунун курулушу качан аяктаары белгилүү болду

“Кыргызстан аэропорттору” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Ош жана Жалал-Абад аймактарына жумушчу сапар менен барып, эки маанилүү инфраструктуралык долбоордун курулушунун жүрүшүн карап чыкты. Иш сапарынын жүрүшүндө ал курулуш аянтчаларын карап чыгып, иштин жүрүшүн жана сапатын баалап, адистердин жана подрядчылардын отчетторун укту. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Ош

Ишкер Media
Кыргызстан менен Бангладеш соода байланышты өнүктүрүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Бангладеш соода байланышты өнүктүрүүнү талкуулады

Бүгүн экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Бангладештин тышкы иштер боюнча катчысы Асад Алам Сиам менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, кыргыз продукциясын Бангладеш рыногуна чыгаруу, текстиль жана тигүү

Ишкер Media
“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

“Тамчы” атайын финансылык аймагынын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын (АФИА) башкармалыгында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тиешелүү чечимдер аймактын кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын  “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын башкаруу кеңешинин төрагасы болуп Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев дайындалды.   Ал эми “Тамчы” АФИАнын башкы директору

Ишкер Media
DARYA долбоорунун алкагында 1 868 кесиптик лицей мугалими окутулду

DARYA долбоорунун алкагында 1 868 кесиптик лицей мугалими окутулду

Кыргызстанда DARYA долбоорунун алкагында кесиптик лицейлердин 1 868 мугалими окутулуп, Scaffold методикасы беш кесиптик лицейде сыноодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Аталган министрликтин маалыматына ылайык, 13-14-октябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында DARYA долбоорунун Жогорку деңгээлдеги тобунун 5-жыйыны өтүп жатат. Ага Кыргызстандын Агартуу министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана

Ишкер Media