Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм өндүрүү боюнча мамлекеттик программа өз жыйынтыгын берип баштады. "Винивин" ЖЧК быйыл 950 тоннадан ашык жүзүм жыйнады, жыйноо иштери дагы уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди.

Салыштыруу үчүн: 2023-жылы 620 тонна, 2024-жылы 540 тонна, ал эми 2025-жылы болгону 140 тонна жыйналган. Быйылкы көрсөткүч былтыркыдан 6,7 эсеге көп.

Ишкананын маалыматына караганда, акыркы жылдары жүзүмзарлар каралбай, куруп калуу алдында турган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тарабынан талаалар өз убагында иштетилип, агротехникалык кам көрүү калыбына келтирилгенден кийин түшүм кескин өстү.

Жүзүм талааларынын аянты 307 гектарга жакын. Түшүм жыйноого 100дөн ашуун жергиликтүү тургун тартылды.

Кийинки этап - жыйналган жүзүмдү виноматериалга кайра иштетүү. Маммүлк ата мекендик өндүрүүчүлөргө виноматериалды "Винивинден" алууну сунуштады.

Бул демилге президенттин 2021-жылдагы Жарлыгы жана Министрлер Кабинетинин 2024-жылдагы №633-р буйругу менен бекитилген 2025-2029-жылдарга карата багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги бир катар үйлөрдө жылуулук жана ысык суу өчүрүлдү

Өлкөдө асыл тукум статусуна ээ болгон чарбаларга мониторинг жүргүзүлөт

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды

Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты