DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

DemirBank тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор үчүн ЕРӨБдүн сыйлыгын алды

2026-жылдын 8-октябрында Өзбекстанда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө арналган аймактык конференциясы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында DemirBank "First Cross-border RSF Transaction" ("Тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын алкагындагы биринчи трансчек аралык долбоор") сыйлыгын алды.

Бул сыйлык DemirBankтын Өзбекстандын Ташкент шаарындагы биринчи долбоорун — ЕРӨБдүн тобокелдиктерди бөлүшүү программасынын (Risk Sharing Facility, RSF) алкагында Ozone Fitness Center фитнес-борборун каржылоону ишке ашыргандыгы үчүн ыйгарылды.

Сыйлыкты ЕРӨБдүн чакан жана орто бизнести каржылоо жана өнүктүрүү боюнча башкаруучу директору Маттео Патроне (Matteo Patrone) салтанаттуу түрдө тапшырды.

Бул долбоордун ишке ашырылышы DemirBankтын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүдө жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ишкердикти каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү этап болуп калды.

Risk Sharing Facility (RSF) программасы ЕРӨБ менен өнөктөш банктардын ортосунда кредиттик тобокелдиктерди бөлүштүрүүнү карайт. Бул бизнестин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Алынган сыйлык DemirBankтын эл аралык финансылык институттар менен кызматташтыгынын натыйжалуулугун, ошондой эле Борбордук Азияда ишкердикти өнүктүрүүгө жана экономикалык байланыштарды чыңдоого кошкон салымын баса белгилейт.


DemirBank ЕРӨБ менен өнөктөштүгүн өнүктүрүүнү, заманбап финансылык инструменттерди киргизүүнү жана аймактагы бизнестин туруктуу өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду колдоону улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Чүйдө уруксатсыз курулуп жаткан май куюучу жайга айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы курулушка пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу 225-контурда салынып жаткан көп функционалдуу май куюучу жайдын долбоордук жана уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган. Аныкталган мыйзам бузуу боюнча

Ишкер Media
Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араванда 35 млн сомго оңдолгон "Жаштар борбору" ачылды

Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында "Жаштар борбору" пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалымдалгандай, ачылыш аземге облус башчысы Аманкан Кенжебаев, Өзбекстандан келген делегация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Иш-чара эки элдин достугун бекемдөөгө арналып, концерт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү

Ишкер Media
Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абадда 15 млн сомго курулган спорт зал ачылды

Жалал-Абад облусунун Багыш айыл аймагына караштуу Орто-Сай айылында көптөн күтүлгөн спорт зал ачылды. Бул тууралуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты. Маалымдалгандай, спорт зал айыл тургундарынын демилгеси менен курула баштап, каражат жетишсиздигинен 10 жыл бою токтоп турган. Быйыл жергиликтүү бийликтин демилгеси менен президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү

Ишкер Media
Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм түшүмү 6,7 эсе өстү

Кыргызстанда жүзүм өндүрүү боюнча мамлекеттик программа өз жыйынтыгын берип баштады. "Винивин" ЖЧК быйыл 950 тоннадан ашык жүзүм жыйнады, жыйноо иштери дагы уланууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Салыштыруу үчүн: 2023-жылы 620 тонна, 2024-жылы 540 тонна, ал эми 2025-жылы болгону 140 тонна жыйналган. Быйылкы

Ишкер Media