Ысык-Көлдү сактоо боюнча 10 млн доллар баштапкы төгүм кошо турган фонд түзүү сунушталды

Ысык-Көлдү сактоо боюнча 10 млн доллар баштапкы төгүм кошо турган фонд түзүү сунушталды

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинде сөз сүйлөп, Армениянын тоо жана тузсуз суу экосистемаларынын биологиялык ар түрдүүлүгү боюнча Ереван платформасын түзүү демилгесин колдоо менен бирге, Кыргыз Республикасы ага активдүү катышууга даяр экендигин ырастады.

Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Мамлекет башчысы дүйнөлүк коомчулукка төрт негизги демилгени карап чыгууну сунуштады:

-        Глобалдык экологиялык фонддун түзүмүндө атайын тоо программасын түзүү,
-        Бишкек шаарында тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борборду уюштуруу,
-        карызды жаратылышты коргоо боюнча милдеттенмелерге алмаштыруу механизмин (Debt-for-nature swaps) киргизүү,
-        ошондой эле сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрүн коргоо боюнча аймактык кызматташтыкты чыңдоо.

Президенттин айтымында акыркы төрт жылда Көлдүн түбүнөн 70 тоннага жакын ар кандай таштандылар жана болжол менен 580 миң метр мыйзамсыз салынган синтетикалык балык улоочу торлор алынган. Ошондой эле уникалдуу жаратылыш объектисин коргоо максатында Кыргызстан БУУнун колдоосу астында атайын трасттык фонд түзүү боюнча ишти баштады.

Мамлекет башчысы эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү бул демилгени колдоого чакырып, Кыргыз Республикасы мамлекеттик бюджеттен 10 млн АКШ долларын бөлүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Президент бардык өлкөлөрдү, эл аралык уюмдарды жана өнөктөштөрдү 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону экономикалык саясаттын, инвестициялык пландаштыруунун жана аймактарды өнүктүрүүнүн ажырагыс бөлүгү болууга тийиш экенин, ал эми жаратылышты коргоо келечек муундардын алдындагы жалпы жоопкерчилик экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды

Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон транспорттук түйүндүн курулушуна старт берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, долбоор Жусуев, Курманжан Датка, Т.Касымбеков жана Б.Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде, "Достук" айлампасында ишке ашырылат. Долбоордун алкагында транспорттук жол түйүнү, 4 пандус,

Ишкер Media
2027-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сом болоору божомолдонууда

2027-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сом болоору божомолдонууда

2027-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 727,3 млрд сом өлчөмүндө, чыгашалары 694,8 млрд сом өлчөмүндө күтүлүүдө. Республикалык бюджеттин профицити 32,5 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда. Мындай маалымат Финансы министрлигинде КРнын “2027-жылга республикалык бюджет жана 2028–2029-жылдарга пландык мезгил жөнүндө” мыйзамынын долбоору боюнча коомдук угуу маалымдалды. Финансы министрлигинин

Ишкер Media
Кыргызстан Бангкокто эл аралык төлөм системасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышты

Кыргызстан Бангкокто эл аралык төлөм системасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышты

15-октябрында Бангкок шаарында Кыргыз Улуттук банкы эл аралык финансы коомчулугу менен төлөм системасын өнүктүрүү багыттарын талкуулады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, талкуу Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банктын жылдык жыйындарынын алкагында өткөн "GFTN Select Thailand" иш-чарасында болду. Ага Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү

Ишкер Media
Чет өлкөдө соттолгон жарандарды Кыргызстанга өткөрүп алуу маселеси талкууланды

Чет өлкөдө соттолгон жарандарды Кыргызстанга өткөрүп алуу маселеси талкууланды

Башкы прокурор М.Бектургановдун тапшырмасы боюнча Башкы прокуратурада чет мамлекеттердин, анын ичинде РФнын аймагында эркиндигинен ажыратууга соттолгон КРнын жарандарын жазасын андан ары КРда өтөө үчүн жарандыгы бар мамлекетине өткөрүп берүү маселелерине арналган ведомстволор аралык кеңешме болуп өттү. Аталган органдын басма сөз кызматы кабарлагандай, кеңешмеге КРнын Президентинин Администрациясынын, Жогорку Кеңешинин, Жогорку

Ишкер Media