Чет өлкөдө соттолгон жарандарды Кыргызстанга өткөрүп алуу маселеси талкууланды
Башкы прокурор М.Бектургановдун тапшырмасы боюнча Башкы прокуратурада чет мамлекеттердин, анын ичинде РФнын аймагында эркиндигинен ажыратууга соттолгон КРнын жарандарын жазасын андан ары КРда өтөө үчүн жарандыгы бар мамлекетине өткөрүп берүү маселелерине арналган ведомстволор аралык кеңешме болуп өттү.
Аталган органдын басма сөз кызматы кабарлагандай, кеңешмеге КРнын Президентинин Администрациясынын, Жогорку Кеңешинин, Жогорку сотунун, ТИМдин, ИИМдин, УКМКнын жана Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө соттолгон КРнын жарандарын чет мамлекеттерден жазасын андан ары КРнын аймагында өтөө үчүн өткөрүп берүүнүн тартибин жөнгө салуучу улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле бул жол-жобону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон укуктук механизмдерди түзүү маселелери талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча конкреттүү чаралар иштелип чыгып, аларды ишке ашыруу боюнча иштер башталды.