Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаардагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон транспорттук түйүндүн курулушуна старт берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, долбоор Жусуев, Курманжан Датка, Т.Касымбеков жана Б.Осмонов көчөлөрүнүн кесилишинде, "Достук" айлампасында ишке ашырылат.
Долбоордун алкагында транспорттук жол түйүнү, 4 пандус, 8 тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат. Ошондой эле унаалардын кыймылын жеңилдетүү үчүн айланма жолдор салынат.
Курулуштун жалпы аянты 6 603 чарчы метрди түзөт. Жер алдындагы өтмөктүн аянты 1 622 чарчы метр болуп, диаметри 100 метр болот.
Курулуш жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат. Долбоорду бир жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.
Мэриядан билдиришкендей, жаңы түйүн шаардагы жол кыймылын жакшыртууга, тыгындарды азайтууга жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.