Кыргызстан Бангкокто эл аралык төлөм системасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышты
15-октябрында Бангкок шаарында Кыргыз Улуттук банкы эл аралык финансы коомчулугу менен төлөм системасын өнүктүрүү багыттарын талкуулады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, талкуу Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банктын жылдык жыйындарынын алкагында өткөн "GFTN Select Thailand" иш-чарасында болду. Ага Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев катышып, "Cross-Border Payments 2027 — Closing the Gap on the G20 Targets" сессиясында сөз сүйлөдү.
Жыйында чек ара аркылуу төлөмдөрдүн наркын төмөндөтүү, ылдамдыгын жогорулатуу, ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелери каралды. Ошондой эле улуттук төлөм системаларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору талкууланды.
Санжар Абдыгазиев Кыргызстандын экономикасы үчүн акча которуулардын маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөнүн санарип төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү тажрыйбасы менен бөлүштү. Анын ичинде ELQR бирдиктүү улуттук QR-аянтчасы жана тез төлөм системасын ишке ашыруу боюнча маалымат берди.
Иш-чарада G20 жол картасынын алкагында финансылык туруктуулукту сактоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана эл аралык жөнгө салуу кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.