2027-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сом болоору божомолдонууда
2027-жылы республикалык бюджеттин кирешелери 727,3 млрд сом өлчөмүндө, чыгашалары 694,8 млрд сом өлчөмүндө күтүлүүдө. Республикалык бюджеттин профицити 32,5 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда. Мындай маалымат Финансы министрлигинде КРнын “2027-жылга республикалык бюджет жана 2028–2029-жылдарга пландык мезгил жөнүндө” мыйзамынын долбоору боюнча коомдук угуу маалымдалды.
Финансы министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, коомдук угууга Финансы министрлигинин, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Аталган министрлик республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн алкагында КРнын Бюджеттик кодексинин 71 жана 127-беренелерине ылайык жыл сайын коомдук бюджеттик угууларды өткөрүп келет.
Билдирүүгө караганда, Коомдук бюджеттик угууда катышуучулар бир катар актуалдуу маселелерди, анын ичинде саламаттыкты сактоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана калкты социалдык жактан колдоо чараларын өркүндөтүү маселелери кызуу талкууланды.

