Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Армения Республикасына болгон расмий сапары аяктады. Мамлекет башчысы 15-октябрда БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн Лидерлер саммитинин расмий ачылыш аземине катышты.

16-октябрда Садыр Жапаров “Лидерлер жаратылыш үчүн” саммитинин пленардык жыйынынын ачылышында сөз сүйлөп, глобалдык жылуулуктун кесепетинен Борбордук Азияда мөңгүлөрдүн эриши көйгөйүн чечүүгө багытталган бир катар негизги демилгелерди сунуштады.

Ошол эле күнү Президент ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы Армениянын Президенти Ваагн Хачатурян жана Премьер-министри Никол Пашинян менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өлкө лидерлерин Кыргызстанга иш сапарлары менен келүүгө чакырды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 10 документке кол коюлду.

Кече, кечинде Президент Садыр Жапаров расмий сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 23–25-октябрда азык-түлүк жарманкеси жана айыл чарба көргөзмөсү өтөт

Бишкекте 23–25-октябрда азык-түлүк жарманкеси жана айыл чарба көргөзмөсү өтөт

23–25-октябрда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта “АгроТехЭкспо – 2026” айыл чарба көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтөт. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашуун катышуучу келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, үч күндүк жарманкеде шаар тургундары жана коноктору кышка керектүү азык-түлүктөрдү дыйкандардан жана ата

Ишкер Media
Кыргызстанда дагы бир компания казино иштетүүгө лицензия алды

Кыргызстанда дагы бир компания казино иштетүүгө лицензия алды

Кыргызстанда “Апекс Эйс” ЖЧКсы оюн ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алды. Тиешелүү уруксат 2026-жылдын 12-октябрында берилгендигин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) билдирди. Аталган мекеме Кыргызстанда казино иштетүүгө уруксат берилгени менен, өлкө жарандарына кумар оюндарына катышууга тыюу салынганын эскертет. Мыйзамга ылайык, казинодо 21

Ишкер Media
Дүйнөлүк жылдыз Шакира Бишкекке келди

Дүйнөлүк жылдыз Шакира Бишкекке келди

Дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакира, бүгүн Бишкекке келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Ал дүйнөлүк жылдызды тосуп алганын айтып, ырчынын сахнадан тышкаркы жөнөкөйлүгүн белгиледи. "Сахнада миллиондогон күйөрмандарды суктандырган дүйнөлүк жылдыз жашоодо абдан жөнөкөй, тыпыйган, назик айым экен. Айрыкча колдору кичинекей жана назик&

Ишкер Media
Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Бүгүн Ереванда президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 10 документке кол коюлду. Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Сапардын алкагында төмөнкү документтер кабыл

Ишкер Media