Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду
Бүгүн Ереванда президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 10 документке кол коюлду.
Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты.
Сапардын алкагында төмөнкү документтер кабыл алынды:
- Кыргызстандын президенти менен Армениянын премьер-министринин биргелешкен билдирүүсү;
- Эки өлкөнүн жарандарынын сапарлары жана жүрүү тартиби жөнүндө макулдашуу;
- 2027–2029-жылдарга кызматташуу боюнча жол картасы;
- Билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Ысык-Көл жана Севан көлдөрүн сактоо боюнча меморандум;
- Пенсия менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
- Жеке маалыматтарды коргоо боюнча меморандум;
- Кыргызстан менен Армениянын Улуттук илимдер академияларынын кызматташтыгы жөнүндө меморандум;
- Бишкек жана Ереван шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү жөнүндө макулдашуу.
Президент Садыр Жапаров сапардын жыйынтыгы боюнча билдирүүсүндө транспорттук кызматташтыкты келечектүү багыттардын бири катары белгилеп, эки өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Ошондой эле ал Ысык-Көл менен Севан көлдөрүн сактоо боюнча кызматташтыкты өзгөчө белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Никол Пашинянды Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө жана 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.