Кыргызстанда дагы бир компания казино иштетүүгө лицензия алды

Кыргызстанда дагы бир компания казино иштетүүгө лицензия алды

Кыргызстанда “Апекс Эйс” ЖЧКсы оюн ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензия алды. Тиешелүү уруксат 2026-жылдын 12-октябрында берилгендигин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) билдирди.

Аталган мекеме Кыргызстанда казино иштетүүгө уруксат берилгени менен, өлкө жарандарына кумар оюндарына катышууга тыюу салынганын эскертет.
Мыйзамга ылайык, казинодо 21 жашка толгон чет өлкөлүк жарандар гана ойной алышат. Кыргызстандын жарандары оюн-зоок жайларынын кардарлары боло албайт. Бул талапты бузган жарандар мыйзамда каралган жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Ошондой эле «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 346-беренесине ылайык, оюн-зоок ишин уюштуруучулар мыйзам талаптарын бузса, юридикалык жактарга 200 миң сом, ал эми оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузса, 45 миң сом айып пул салынат.

Финкөзөмөл жарандарды кумар оюндарына катышпоого жана тиешелүү уруксаты жок ишкердик субъекттери менен кызматташпоого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 23–25-октябрда азык-түлүк жарманкеси жана айыл чарба көргөзмөсү өтөт

Бишкекте 23–25-октябрда азык-түлүк жарманкеси жана айыл чарба көргөзмөсү өтөт

23–25-октябрда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта “АгроТехЭкспо – 2026” айыл чарба көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтөт. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашуун катышуучу келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, үч күндүк жарманкеде шаар тургундары жана коноктору кышка керектүү азык-түлүктөрдү дыйкандардан жана ата

Ишкер Media
Дүйнөлүк жылдыз Шакира Бишкекке келди

Дүйнөлүк жылдыз Шакира Бишкекке келди

Дүйнөгө белгилүү колумбиялык ырчы Шакира, бүгүн Бишкекке келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында билдирди. Ал дүйнөлүк жылдызды тосуп алганын айтып, ырчынын сахнадан тышкаркы жөнөкөйлүгүн белгиледи. "Сахнада миллиондогон күйөрмандарды суктандырган дүйнөлүк жылдыз жашоодо абдан жөнөкөй, тыпыйган, назик айым экен. Айрыкча колдору кичинекей жана назик&

Ишкер Media
Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Бүгүн Ереванда президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 10 документке кол коюлду. Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Сапардын алкагында төмөнкү документтер кабыл

Ишкер Media
“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы

Ишкер Media