Бишкекте 23–25-октябрда азык-түлүк жарманкеси жана айыл чарба көргөзмөсү өтөт
23–25-октябрда Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта “АгроТехЭкспо – 2026” айыл чарба көргөзмөсү жана “Алтын күз” жарманкеси өтөт. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан миңден ашуун катышуучу келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, үч күндүк жарманкеде шаар тургундары жана коноктору кышка керектүү азык-түлүктөрдү дыйкандардан жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн түздөн-түз социалдык баада сатып ала алышат.
Мындан тышкары, Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти сапаттуу үрөндөрдү жана өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун сунуштайт. Адистер үрөн тандоо, багбанчылык жана заманбап агротехнологияларды колдонуу боюнча кеңеш беришет.
Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси, концерттик программа жана түрдүү оюн-зооктор да уюштурулат.
Көргөзмө-жарманкеге кирүү акысыз.