Ашхабадда билим берүү министрлеринин жыйыны өттү
Бүгүн Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Монголиянын билим берүү министрлеринин тегерек столу өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен маалымдады.
Билдирүүгө караганда, бул иш-чара билим берүү тармагындагы аймактык кызматташтыкты чыңдоого, тилдик азчылыктарды колдоого жана этностор аралык ынтымакты өнүктүрүүгө багытталган.
Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова "Көп тилдүү ыкмалар аркылуу аймактык кызматташтыкты жана сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүү" темасында баяндама жасап, көп тилдүү билим берүү жаатындагы улуттук тажрыйба жана колдонулуп жаткан моделдер тууралуу маалымат берди.
Кыргыз тарап аймактык кызматташтыкты үч багытта өнүктүрүүнү сунуштады:
- педагогдорду даярдоо боюнча билим берүү программалары менен алмашуу;
- эки тилдүү жана мультимедиалык окуу материалдарын камтыган бирдиктүү санариптик китепкананы түзүү;
- билим берүү тармагында маалыматтарды чогултуу жана мониторинг жүргүзүү ыкмаларын өркүндөтүү.
Бул демилгелер ЕККУ, ЮНИСЕФ, ЮНЕСКО жана башка өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылат.