“Кепилдик фонд” ААКнун уставдык капиталы 10,06 млрд сомго чейин көбөйдү
“Кепилдик фонд” ААКсынын уставдык капиталы 3 млрд 430 млн сом суммасындагы акциялардын кошумча чыгарылышынын натыйжасында 6 млрд 632 млн сомдон 10 млрд 62 млн сомго чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кошумча чыгарылыштын алкагында “Мамлекеттик финансылык холдинг” ачык акционердик коому Фонддун номиналдык наркы ар бири 100 сом болгон 34,3 млн жөнөкөй акциясын сатып алып, 34,09% үлүш менен жаңы акционер болуп калды.
2026-жылдын 19-октябрында “Кепилдик фонд” ААКсы уставдык капиталынын көбөйүшүнө жана акционерлеринин курамынын өзгөрүшүнө байланыштуу КРнын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өттү. Анын жаңыланган акционерлеринин курамына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы — 60,13% акция, суммасы 6 млрд 50 млн сом;
- “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКсы — 34,09% акция, суммасы 3 млрд 430 млн сом;
- КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик — 5,78% акция, суммасы 582 млн сом.