Кыргызстанда нак акча 4,6 эсеге көбөйдү: санарип төлөмдөр анын ордун басып калган жокпу?
Кыргызстанда чекене төлөмдөрдүн басымдуу бөлүгү накталай эмес болгонуна карабастан, экономикадагы нак акча жок болуп кетпейт. Тескерисинче, анын жүгүртүүдөгү көлөмү акыркы 10 жылда дээрлик 4,6 эсеге өсүп, 324 000,2 млн сомго жетти. Накталай эмес эсептешүүлөр өнүккөн сайын нак акчалар негизги төлөм каражаты болуудан калып, бирок каражат топтоонун башкы куралына жана күтүүсүз жагдайлар үчүн камдык каражатка айланууда.
Мындай билдирүүнү “Ишкер медиага” КРнын Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын адистери билдиришти.
“Мобилдик интернеттин, төлөм терминалдарынын жана банк тиркемелеринин мезгил- мезгили менен иштебей калуусунан, ошондой эле масштабдуу киберчабуулдар коркунучун эске алуу менен, керектөөчүлөр жана бизнес өкүлдөрү нак акчанын ордун сактап калууга умтулушат. Нак акча “санариптик эмес”,өз алдынча иштей ала турган ишенимдүү төлөм каражат катары саналат” – деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, нак жана нак эмес акчалар бири-бирине каршы келбейт, тескерисинче толуктап турган инструмент болуп саналат. Ошондуктан, жакынкы келечекте кагаз акча толугу менен жоголуп кетет деп айтууга болбойт.
Салыштыруу үчүн - мындан 10 жыл мурда 2016-жылдын 1-октябрына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 70 605,7 млн сомду түзүп, анын ичинен 5 161,3 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 65 444,4 млн сом банк тутумунан тышкары колдонууда болгондугун Улуттук банктан билдиришти.
Ал эми 2026-жылдын 1-октябрына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 324 000,2 млн сомду түзүп, анын ичинен 30 874,6 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 293 125,6 млн сом банк тутумунан тышкары колдонууда тургандыгын маалымдалып, нак ачанын көлөмү он жыл ичинде болжол менен 4,6 эсеге, же 253,4 млрд сомго көбөйгөн.
Ушундай эле өсүш Россия Федерациясында дагы болуп жатканын Борбордук банкка шилтеме берип, Коммерсанть маалымат булагы жазып чыкты. Ага ылайык, РФда акыркы 5 жылда жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 46,4% га өсүп, 2026-жылдын башында 19,7 триллион рублга жеткен.
Ал эми Европанын Борбордук банкынын (ЕББ) президенти Кристин Лагард санарип евро накталай акчаны алмаштыра албайт - деген пикирин Euronews телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, төлөм каражатынын санарип ыкмасы - жарандардын төлөмдөрүн көзөмөлдөө үчүн эмес, накталай акчаны толуктоо максатында гана иштелип чыгууда.
Башкача айтканда, заманбап технологиялык өсүштөргө ылайык, нак эмес –акча менен төлөм жүргүзүү басымдуулук кылганы менен накталай акча жок болуп кетет деген коркунуч жок.
КРнын Улуттук банкынын түшүндүрмөсүнө ылайык, нак акча күнүмдүк эсептешүүлөрдө негизги төлөм каражаты болуудан акырындап алыстап, каражат топтоонун жана күтүүсүз жагдайларга даяр туруунун маанилүү куралына айланууда.