Ноокен районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге жакын өстү

Ноокен районунун бюджети 5 жылда 2 эсеге жакын өстү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокен районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады.

Жолугушууда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, жергиликтүү бюджеттин өсүшү жана инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы талкууланды.

Мамлекет башчысынын маалыматына ылайык, Ноокен районунун бюджети 2021-жылы 299 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 619 млн сомго жеткен.

Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айында райондогу капиталдык курулуштун 25 объектисине 714 млн сом каралган. Анын ичинен 1-октябрга карата 677 млн сом бөлүнгөн.

Айыл чарбасын колдоо багытында да иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, 2026-жылы райондун 154 фермерине жалпы суммасы 128 млн сом болгон жеңилдетилген насыялар берилген.

Мындан тышкары, социалдык объектилерди куруу, оңдоо жана калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу иштери улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кочкор-Атада мунай заводу курулууда

Кочкор-Атада мунай заводу курулууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө мунайды кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү жана ата мекендик өндүрүштү көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Кыргызнефтегаз" ААКсынын курамына кирген "Кыргыз Петролеум Компани" заводунда мунай продуктуларын өндүрүүнү көбөйтүүгө багытталган

Ишкер Media
Майлуу-Суу лампа заводунун ишин калыбына келтирүү чаралары уланууда

Майлуу-Суу лампа заводунун ишин калыбына келтирүү чаралары уланууда

Өлкө лидери Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарынын активи жана тургундары менен жолугушуп, шаардын өнөр жай дараметин калыбына келтирүү жана жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү маселелерине токтолду. Бул тууралуу анын администрациясы билдирди. Мамлекет башчысы Майлуу-Суу лампа заводунун ишин калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу

Ишкер Media
Салык төлөөчүлөрдү каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүү сунушталды

Салык төлөөчүлөрдү каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүү сунушталды

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги каттоо маалыматтарынын актуалдуулугун текшерүүгө чакырды. Текшерүү юридикалык жактар, жеке жактар жана жеке ишкерлер тарабынан Салык төлөөчүнүн кабинетиндеги “Сервистер” бөлүмүндөгү № 24 жана № 25 формаларында жүргүзүлүшү керек. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, төмөнкү маалыматтарды текшерүү зарыл: ·       салыктык каттоо жүргүзүлгөн райондун иш жүзүндө иш

Ишкер Media
Өлкөдө 9 айда 399,5 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

Өлкөдө 9 айда 399,5 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү

Өлкөдө 2026-жылдын 9 айында 399,5 млрд сомдук айыл чарба продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков “АгроТехЭкспо-2026” агроөнөржай көргөзмөсүнүн ачылышында билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч өсүү темпи былтыркы жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 106,5 пайызга өстү. "Ал эми, кайра иштетүү тармагында 92,7

Ишкер Media