Майлуу-Суу лампа заводунун ишин калыбына келтирүү чаралары уланууда
Өлкө лидери Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Майлуу-Суу шаарынын активи жана тургундары менен жолугушуп, шаардын өнөр жай дараметин калыбына келтирүү жана жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү маселелерине токтолду. Бул тууралуу анын администрациясы билдирди.
Мамлекет башчысы Майлуу-Суу лампа заводунун ишин калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Маалыматка ылайык, 2022-жылдан бери ишканага колдоо көрсөтүлүп келет.
Ошондой эле шаарда Майлуу-Суу индустриалдык паркын түзүү пландалып, ал инвестицияларды тартууга, жаңы өндүрүштөрдү ачууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган.
Шаардын бюджетинин көлөмү да өскөн. Тактап айтканда, 2021-жылы 58,5 млн сомду түзгөн бюджет 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 119,3 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, республикалык бюджеттен "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 11,9 млн сом толук көлөмдө бөлүнгөн.
Өнөр жайды өнүктүрүү менен катар инфраструктураны жакшыртуу маселелерине да көңүл бурулууда. Маданият - Майлуу-Суу автожолун оңдоо иштерин 2027-жылы аяктоо каралган.